Редакцияот 07.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын I сессиясы

2019-жылдын 7-июну № 4

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин балдар бакчасы бөлүмүнүн 311-беренесинен 1 600 000 сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 311-беренесине жылдырылып берилсин.

2. Киргизилген бюджеттик өзгөртүүлөрдү өз убагында аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин.

3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Талиев