Редакцияот 16.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

8-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги №30-сессиясы

2019-жылдын 16-апрели №01-3/9

КБФнан түшүүчү акча каражаты жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн акча каражатына жоопкерчилигин айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адисине тапшыруу үчүн сессияда талкууланып,айтылган сунуштардын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАМ

1. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн акча каражатына жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адисине тапшырылсын.

2. 2018-жылдын ичинде кайра бөлүштүрүү фондунан жер алган дыйкандардын келишими толугу менен актынын негизинде каржы экономикалык бөлүмүнө өткөрүлүп берилсин.

3. Айыл өкмөтү менен жер адисинин милдетин аткаруучу адистин ортосунда түзүлгөн келишими токтотулсун.

4.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

К.Э.Иманалиев