Редакцияот 30.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезектеги ХVII - сессиясы

2019-жылдын 30-апрели №10

Акчалай колдоо көрсөтүү жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Октябрь айылынын тургуну А.Назарбековдун кайрылуусунун негизинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызын чет өлкөгө алып барып дарылатып келүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Багыш айылдык Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Октябрь айылынын тургуну А.Назарбековдун кайрылуусунун негизинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызын чет өлкөгө алып барып,дарылатып келүүгө колдоо көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин элге социалдык жактан жардам берүү беренесинен 35,0 м.с ( отуз беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р.Батировго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 А.Саражиев