Редакцияот 29.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXVI- сессиясы

2019-жылдын 29-апрели № 99

“Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинини 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө” “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Дөң-Булак айыл айыл өкмөтүнүнжер фондусун инвентаризациялооматериалдарын карап чыгып, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялооматериалдары бекитилсин.

2. Суралсын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановдон керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.

3. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитип берүү жагы.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П.А.Эсеналиев