Редакцияот 23.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

он алтынчы сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2019-жылдын 23-майы № 16/5

1-Май айылынын тургуну Жээнбеков Маматшамшидинге кооптуу жер көчкү жерлердин жер кыртышын бышыктоого көчөттөрдү отургузуп, көрктөндөрүүгө 2.0 га жер аянтты берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кара-Кулжа айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комитетинин 14.05 2019-жыл № 1/ 7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айылынын тургуну Жээнбеков Маматшамшидинге кооптуу жер көчкү жерлердин жер кыртышын бышыктоого көчөттөрдү отургузуп, көрктөндөрүүгө 2.0 га жер аянтка макулдук берилсин.

2. 1-Май айылынын тургуну Жээнбеков Маматшамшидин менен келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын эске алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк,  айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевгежүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Саипов