КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы
2019-жылдын 19-июну № 29-11
« Көк-Жар Тазалык» муниципалдык ишканасына жүк ташуучу унаа сатып алуу жөнүндө
«Көк-Жар Тазалык» муниципалдык ишканасынын таштандыларды ташуу жумуштарын аткаруу багытында жүк ташуучу авто унаанын жоктугунан көптөгөн көйгөйлөр жаралып жаткандыгына байланыштуу, жогоруда аталган ишканага жүк ташуучу авто унаа сатып алуу жөнүндөгү ишкана жетекчисинин сунушуп карап жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 4-бөлүмүнүн; 10-главасынын; 51-беренесинин; 1-пунктунун 2 п.пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Көк-Жар Тазалык» ишканасына жүк ташуучу авто унаа сатып алуу жөнүндөгү жетекчисинин сунушу жактырылсын.
- Авто унаа сатып алуу үчүн акча каражаты Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылдын 6 айлык жана 9 айлык пландарынын ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылансын.
- Жүк ташуучу авто унаа сатып алуу канчалык мыйзам талабына жооп берүүсүн тактоо жана бул багытта канчалык мыйзамдуу иш алынып барылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комитетине милдеттендирилсин.
- Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып бару жагы, айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттаралиге жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |