ТОКТОМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 12- июну № 205/29-4
2019-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен 7000,0 миң сом суммасында акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
2019-жылдын 1-январына эркин калдыкты натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, ошондой эле Токмок шаарынын мэриясы тарабынан берилген материалдарды карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика,бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен жалпы 7000,0 миң сом суммасында акча каражатын Токмок ш. ММБ аркылуу төмөнкү долбоорлорго бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
- Токмок ш. Сарыбагышев көч. (Ленин көч. тартып Жантаев көч. чейин) жол төшөө оңдоосуна 2 000,0 миң сом суммасында “Имараттар жана курулмалар” 3111 беренесине;
- Токмок ш. №13 толук эмес жана №12 орто мектептеринин канализация, жылытуу, санитардык түйүндөрүнүн ондоосуна 1500,0 миң сом суммасында “Учурдагы мүлктү оңдоо” 2221 беренесине;
- Долбоордук жана башка документтерди иштеп чыгууга 1000,0 миң сом суммасында «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» 2215 беренесине;
- Кызматтык батирлердин оңдоосуна 200,0 миң сом суммасында “Учурдагы мүлктү оңдоо” 2221 беренесине;
- ФАПнун (Сахзавод) капиталдык оңдоосуна 400,0 миң сом суммасында “Имараттар жана курулмалар” 3111беренесине;
- ТРЭСТ имаратына жылуулук эсептегич сатып алууга 160,0 миң суммасында “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренесине;
- Токмок ш. ММБнын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү үчүн металл шкафтарын сатып алууга 30,0 миң сом суммасында “Машиналар жана жабдуулар”3112 беренесине;
- Токмок ш. үй-бүлөлүк тибиндеги “Бактылуу балалык” балдар үйүнө катуу отундар үчүн жылытуу казан жана бастырма курууга 510,0 миң сом суммасында “Имараттар жана курулмалар” 3111 беренесине;
- Токмок ш. №9 орто мектебинин сырткы жылуулук трассасын оңдоого 1200,0 миң сом суммасында “Имараттар жана курулмалар” 3111 беренесине;
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Мусуралиев С.И.) акча каражатын ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бош калдыктардын эсебинен бөлүп берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |