Редакцияот 12.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы

2019-жылдын 12-марты № 2/2

Ала-Бука айылдык аймагынын "Ала-Бука Водаканал" муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө

"Ала-Бука Водаканал" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Кулчиновдун ичүүчү сууга болгон тарифтер боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ала-Бука Водаканал " муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууга болгон тарифтери бекитилсин.

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.

3. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Мамырбеков