Редакцияот 24.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXXIХ-чакырылышынын сессиясы

2019-жылдын 24-июну № 1

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин Болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун кароо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуштоосун карап талкуулап

 Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ -чакырылышынын кезектеги сессиясы талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү менен 5201,5 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 5201,1миң сом деп белгиленсин.

2. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү менен

5203,5миң сом, ал эми чыгаша 5203,5 миң сом менен белгиленсин.

3. 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү менен

5212,4 миң сом, ал эми чыгаша 5212,4 миң сом менен белгиленсин.

4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Каржы-Экономика Министрлигине сунушталсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арапл айыл өкмөтүнүн башчысы Укуеев М.Н. жүктөлсүн.

 

Төрага

Жумабеков И.О.