Редакцияот 16.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 16-июлу № 1

 “Акназаров айылдык аймагынын 2020-2022-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө”

Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 16-июлундагы кезексиз 23-сессиясы Акназаров айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Акназаров айылдык аймагынын 2020-2022-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун карап, талкуулап чыгып

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору киреше бөлүгү -15082,9 миң сом  менен, чыгаша бөлүгү - 15082,9 мин сом менен сунушталсын .

2. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү- 15875,1 миң сом менен, чыгаша бөлүгү -15875,1 миң сом менен сунушталсын.

3. 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү- 15881,8 мин сом менен, чыгаша бөлүгү -15881,8 миң сом менен сунушталсын.

4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине сунушталсын.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айылдык аймагынын айылдык кенешинин бюджет финансы комиссиясынын төрагасы М.Манасовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Рысматов