Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 12-апрели № 3
Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасына медресе курууга макулдук берүү жөнүндө
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасынын тургундарынын Кара-Кыя участкасына медресе салууга макулдук сураган кайрылууларын талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасына медресе салууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын тактоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго жана жер адиси З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |