Редакцияот 05.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму

2019-жылдын 05-июлу № 2

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап:

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү  1500 000 сомго толукталып чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.

- ЖКХ 1 400 000 сом.

- бала бакчаларга 100 000 сом

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Маматназаров