Редакцияот 05.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылышынын 28-сессиясы

2019-жылдын 05-июлу № 9

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн МТСтин башчысы Р.Абдилакимовдун МТСтин 2018-жылдын оруп жыйноо мезгилиндеги аткарган иштерин кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн МТСтин башчысы Р.Абдилакимовдун 2018-жылдын оруп жыйноо мезгилиндеги аткарган иштери боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттары карап талкуулап 28-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн МТСтин башчысы Р.Абдилакимовдун 2018-жылдын оруп жыйноо мезгилиндеги аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн МТСтин 2018-жылдын оруп жыйноо мезгилинде тапкан 96 500 сом акча каражаты Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппараттын атайын каражаттар беренесине которулуп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Маматназаров