Редакцияот 26.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

№ 6 чакырылышынын 27- отуруму (сессиясы)

2019-жылдын 26-марты № 27-4

Чеч-Дөбө айылындагы “Айкөл”атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча группа ачуу сунушу жөнүндө

Н.Исанов атындагы кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы № 27-4 токтому менен бекитилген ,Чеч-Дөбө айылындагы “Айкөл”атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча группа ачуу сунушужөнүндөжергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алып, айылдык кеңеш

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч-Дөбө айылындагы “Айкөл”атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча группа ачууга руксат берилсин.

2. Чеч-Дөбө айылындагы «Айкөл» атындагы мектепкке чейинки билим берүү мекемесине кошумча группа ачуу үчүн Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын..

3 . Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Айдаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Нурмаматов