Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №3
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма бешинчи сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 3137,8 миң сом менен сунушталсын.
2. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 3336,7 миң сом менен сунушталсын.
3. 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 3398,7 миң сом менен сунушталсын.
4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |