Редакцияот 28.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6- чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

2019-жылдын 28-майы № 28-1

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020- 2022-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга карата түзүлгөн социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү максатында, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» III «Пландоо» бөлүмүнө жана Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А жана ЖӨБЭММАнын 2018-жылдын 16-майындагы №1-18/56 биргелешкен буйруктарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасы жактырылсын.

2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасы 1-тиркемеге негиз бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3. Ушул кабыл алынган программага ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевге жана жалпы аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Туманов