Редакцияот 14.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXVI чакырылышынын кезектеги

2019-жылдын 14-майы № 5/4

“Ала-Бука айылынын С.Ибраимов көчөсүн Фонтандан ПОСТ ГАИ ге чейинки жолду реконструкциялоо” долбоорун Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө

“Ала-Бука айылынын С.Ибраимов көчөсүн Фонтандан ПОСТ ГАИ ге чейинки жолду реконструкциялоо” долбоору боюнча архитектура жана курулуш жетектоочу адисинин милдетин аткаруучу А.Ажибековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз V- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ала-Бука айылынын С.Ибраимов көчөсүн Фонтандан ПОСТ ГАИ ге чейинки жолду реконструкциялоо” долбоорун колдоп берүү Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна суралсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбекке жүктөлсүн.

3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.

 

Төрага

М.Мамырбеков