Редакцияот 31.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 XXVI чакырылышынын кезектеги

2019-жылдын 31-июлу № 6/4

Достук айылынын № 10 ҮДТ нын жылытуу системасын оңдоп түзөтүү иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө

Достук айылынын айыл башчысы Р. Ниязматовдун жана жергиликтүү кенештин депутаты  Э. Атабаевдин сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги VI- сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ала-Бука айыл аймагынын Достук айылында жайгашкан № 10 ҮДТ нын жылытуу системасы капиталдык оңдоп түзөтүү иштерине 300 (үч жүз ) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2 Бул токтомдун аткарылышын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысына, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.

3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Мамырбеков