Редакцияот 19.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

 

2019-жылдын 19-марты № 25

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу  Чет-Кызыл айылынын тургуну АсамидиновИмарбек Качыбекович өз арызы менен 26.11.2002-жылы №11-174а сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылынын тургунуАсамидиновИмарбек Качыбекович Чет-Кызыл айылындагы                     26.11.2002-жылы №11-174а сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынКара-Бак айыл өкмөтүнүнмуниципалдык менчигинин турак жай фондуна  кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Каламбеков