Редакцияот 19.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХ сессиясы

 

2019-жылдын 19-февралы № 11

“Дара Тазалык” МИнын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө

“Дара Тазалык” МИнын 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2018-жылга аткарылган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2019-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 963920 (тогуз жүз алтымыш үч миң тогуз жүз жыйырма миң ) сом, чыгаша бөлүгү 963920 (тогуз жүз алтымыш үч миң тогуз жүз жыйырма миң сомго бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Султанов