АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы
2019-жылдын 22-январы № 23/ 9
Авлетим айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Авлетим айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Жобонун 13 жана 14- беренелерине таянып, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комиссиянын мүчөсү Барпиев Уметалы Исаковичтин комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө берген арызына ылайык, өтүнүчү канааттандырылып, комиссиянын курамынан чыгарылсын.
2. Авлетим айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына айылдык Кеңештин депутаты Неталиев Эрмек Уметкулович киргизилсин.
Төрага | А. Шырдаков |
|
|