Редакцияот 29.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезектеги XXI сессиясы

 

2019-жылдын 29-январы № 21/3

Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2019-жылга карата аткара турган иш пландары жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жыл” ичинде калктын социалдык-экономикалык өсүүсүндө аткарылган иштер боюнча отчетун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде калктын социалдык –экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери айрым кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткарыла турган иш-планы бекитилсин.

 

Төрага

Д. Абдраимов