Редакцияот 21.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIII СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 21-майы № 11

Нарын шаарындагы №1, №2- каттамдардагы кичи автобустардын жол киресинин тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын караган Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы 3 туруктуу комиссиясынын 14-май 2019-жылдагы биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарындагы №1-, №2-каттамдардагы кичи автобустарга чоң адамдар (жүргүнчүлөр) үчүн жол кире 2019-жылдын 1-июнунан баштап 10 сомго бекитилсин.

2. Токтодун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Ботоканов