Редакцияот 16.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХ-сессиясы

 

2019-жылдын 16-апрели № 30/5

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда өтүлгөн элдик жыйындардын токтомдорун бекитүү жөнүндө

Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл башчылардын айылдарда өтүлгөн жыйындардын токтомдорун бекитүү жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жалпы элдик жыйындардын токтомдору бекитилсин.

2. Жогоруда бекитилген элдик жыйындарда көрсөтүлгөн токтомдорунда жазгы айдап-себүү жана көчүү-конуу иштерине коюлган чекене баалардын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларына, ЖПБ төрагасы К.Жукешовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Өмүров