Редакцияот 27.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2018-жылдын 27-декабры № 72/Х1V-27

2018-жылга Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын, 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдын божомолун бекитүү жөнүндө

2018-жылга Нурманбет айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын, 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдын божомолун бекитүү жөнүндө маселени кезектеги сессияда карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Нурманбет айыл өкмөтүнүн киреше булагы 2018-жылга 6262,5 миң сомго, чыгаша булагы 9869,1 миң сомго аткарылышы бекитилсин.

2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 10062,0 м сомго чыгаша булагы 10062,0 м.сомго , атайын каражаттар боюнча 1200,0 мин сомго бекитилсин.

3. Каржы-экономикалык бөлүмдүн кызматкерлери Көчөралиева С,Жумабекова П, Джолбунова Д,Омуралиева С:

-айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн ошондой эле мурунку жылдардын калган карыздардын негизинде 100% аткаруу милдеттендирилсин

4. Айыл өкмөтүнүн киреше булагынын божомолу 2020-жылга 6785,5 миң сом , 2021-жылга 7192,5 миң сом жактырылсын.

5. Айыл өкмөтүнө бөлүштүрүлгөн теңдөөчү грант 2019-жылга 4865,5 миң сом, теңдөөчү гранттын божомолу 2020-жылга 4863,7 миң сом , 2021-жылга 4680,9 миң сом жактырылсын.

6. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Андашов