Редакцияот 12.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2019-жылдын 12-апрели № 7

Ички жайыт жерлерге мароторий жарыялоо жөнүндө

Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылышындагы кезектеги XX сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын ички Ылайлуу-Суу, Тегерек, Кызыл-Чыбыр  жайыт жерлерине 20-июнь 2019-жылдан 1-октябрь 2019-жылга чейин мароторий жарыялансын жана малчылардын көчүп баруусуна тыюу салынсын.

2. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын алыскы Кен-Суу жайыт жерине малчылардын көчүп баруусуна чектөө киргизилсин.

3. Бул токтомду жеринде малчыларга жеткирүү жана аткарылышын камсыздоо жагы  жайыт комитетинин төрагасы Сейитбек у Дүйшөнбек тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Кожогелдиев