Редакцияот 15.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VI I чакырылышынын 14 сессиясы

 

2019-жылдын 15-марты № 84

Чолпон-Ата айылында “Күлдүрөк” участкасындагы суугат суусу жок болуп куурап бара жаткан теректер жөнүндө

Чолпон-Ата айылында “Күлдүрөк” участкасындагы суугат суусу жок болуп куурап бара жаткан теректер боюнча М.Абдылдаев айылдык кеңеши карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпон-Ата айылында Күлдүрөк участкасындагы жайыт жериндеги теректер Чолпон-ата айылына спорт зал куруу үчүн сатылып пайдаланууга уруксат берилсин.

2. Теректерге мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын корутундусун алуу жана тереткерди сатууга тиешелуу мыйзамдарды толук сактап сатуу Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөөнү бюджет жана экономика комитетине тапшырылсын.

4. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрага

С. Кылданов