Редакцияот 30.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 15 сессиясы

 

2019-жылдын 30-апрели № 90

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражатты бөлүп берүү жөнүндө

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражатты бөлүп берүү боюнча М.Абдылдаев айылдык кеңеши талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражаттын эсебинен Кара-Күнгөй айылынын Т.Жаманкулов атындагы орто мектебинин аш канасынын ремонту үчүн 250 000 ( эки жүз элү миң) сом Мазар-Суу айылынын Жоомарт атындагы орто мектебинин ашканасына жана компасынын ремонту үчүн 240 000 ( эки жүз кырк миң ) сом жана Ак-Тектир айылынын ФАПынын ремонт иштерине 55 000 ( элү беш миң) сом акча каражаты Чолпон-Ата айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата айыл өмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтом Cholpon-ata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрага

С. Кылданов