Редакцияот 25.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2018-жылдын 25-июлу № 8

Арендага берүү жѳнʏндѳ

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жерлерди арендага берүүдө, же аренда мөөнөтүн узартканда коомчулуктун уруксаты менен кеӊештин токтомунун негизинде берилсин.

2. Бул токтомду Көк-Ирим сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.

 

Төрага

С. Топоев