Редакцияот 28.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2018-жылдын 28-августу №3

Тогуз-Торо районунун «Өнүктүрүү фонду» чакан кредиттик агентиги» коомдук фондунун уюштуруучулук курамына Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүн киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Торо районунун «Өнүктүрүү фонду» чакан кредиттик агентиги» коомдук фондунун уюштуруучулук курамына Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтү киргизилсин.

2. Бул токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо районунун «Өнүктүрүү фонду» чакан кредиттик агентигине» жиберилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

С. Топоев