Редакцияот 23.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХII сессиясы

 

2018-жылдын 23-ноябры №5

Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жерлердин аймактарын кеӊейтүү үчүн генпландан сырткары кошумча жер аянттарын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-январь 2008-жылдагы №19- токтомунун 6-пунктуна ылайык айыл жерлеринин аймактарын кеӊейтүү үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформация) максатында Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казарман айылынын күн чыгыш тарабындагы

Ынтымак участкасынан -                                                     14 га суу баскан аянт

Дөдөмөл айылынын күн чыгыш тарабындагы               15 га суу баскан аянт

Өрнөк айылынын Кара-Табылгы участкасындагы       8 га суу баскан аянт

Кош-Булак айылынын түштүк тарабынан чоӊ жолго чейин 2 гектар кайрак жер айылдарды кеӊейтүү үчүн которулсун. (трансформациялансын)

 Баардыгы 39( отуз тогуз) гектар суу баскан аянт.

2. . Бул токтомду бекитип берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Р. Ажыбаев