Редакцияот 28.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 28-декабры №2

Тобок көчөсүнүн ички жолуна кара шагыл төшөө иштерине бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.С.Көчөбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тобок көчөсүнүн ички жолуна кара шагыл төшөө иштери үчүн дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен бүткөрүлүүчү долбоорго өздук салым үчүн 272 883 сом акча каражаты 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Ажыбаев