Редакцияот 15.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XV сессиясы

 

2019-жылдын 15- марты №2

Тогуз-Торо айыл аймагындагы калктын жашоо шартын ѳнүктүрүүнү уюштурууну социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызмат кѳрсѳтүү боюнча 2018-жылдын 12 айынын жыйынтыгы жөнүндө

Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кѳчѳрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. .Тогуз-Торо айыл өкмотүнүн башчысы У.Кѳчѳрбаев айылдын социалдык экономикалык абалын көтөрүү багытында 2018-жылдын 12 айында аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Ажыбаев