Редакцияот 17.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XVIII сессиясы

 

2019-жылдын 17-майы №3

“Кызыл дан ” коомдук үрөн фондусун түзүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айылында уюшулган «Кызыл дан » коомдук үрөн фондусу 2018-жылдагы аткарган иштеринин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды козомолго алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Ажыбаев