Редакцияот 25.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXӀV-сессиясы

 

2019-жылдын 25-июну № 24/102

Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ”, Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБларынын 2019-жылга карата бюджеттерин бекитип берүү жөнүндө

Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ” Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБларынын 2018-жылга карата бюджеттерин бекитип берүү жөнүндөгү жалпы жамаатттын 02.04.2019-жылдагы № 5.6 токтомдорунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ” Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБларынын 2019-жылга карата бюджеттерин бекитип берүү жөнүндөгү жалпы жамаатттын 02.04.2019-жылдагы № 5.6 токтомдорунун негизинде бекитилсин.

 2. Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ” ИСКАКБсынын ишине көзөмөлдүк кылуу күчөтүлсүн.

 3. Кара-Күңгөй айылынын “ Түз-Булак-Чоң-Суу ” ИСКАКБсынын 2019-жылдын бюджети бекитилсин жан башына 20 сом (жыйырма ) сом деп бекитилсин. Куб менен алганда 6 сом 70 тыйын деп бекитилсин.

 ИСКАКБнын башчысына – 3000 сом

 ИСКАКБнын эсепчисине 2000 сом

 Сантехник – 5000 сом

 Кароолчу – 2000 сом

 санитрага – 1000 сом

 Үйгө суу киргизүүгө - 1000 сом

 Шланги сайгандарга - 1000 сом

 Мончо жаккандарга - 100 сом

 Жеке ишкер кылгандарга - 100 сом

 Мектеп – 600 сомдон болуп бекитилсин.

4. Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБсынын ишине көзөмөлдүк кылуу күчөтүлсүн.

5. Кара-Саз айылынын “Үкөк-Суу ” ИСКАКБсынын 2019-жылдын бюджети бекитилсин жан башына 16 сом 50 тыйындан ( он алты сом элүү тыйын ) сом деп бекитилсин. Куб менен алганда 5сом 50 тыйын болуп бекитилсин.

 

 ИСКАКБнын башчысына – 2000 сом

 ИСКАКБнын эсепчисине 2500 сом

 Сантехник, кароолчу, санитрага – 6000 сом эмгек акы чектелип берилсин.

 

 Үйгө суу киргизүүгө - 1000

 Хлорго – 6000

 Банктын кызмат көрсөтүүсүнө – 600

 Канц.товарга – 1500

 Командировкалык чыгым – 1000

 Сан.эпид – 2800

 Спец кийимге - 1000 сом болуп бекитилсин.

 Шланги сайгандарга - 1000 сом

 Мончо жаккандарга - 100 сом

 Жеке ишкер кылгандарга - 100 сом

 Мектеп – 600 сомдон болуп бекитилсин.

 

Төрага

С. Казиев