Редакцияот 11.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 33-отуруму

 

2019-жылдын 11-июлу № 33/6

Гульша-Таза-Суу ИСКАКБ ишканасын Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө-Таза-Суу» муниципиалдык ишканасы деп түзүү жөнүндө

Гульша-Таза Суу ИСКАКБнын жетекчиси А.Иманахуновдун Гүлчө-Таза-Суу муниципиалдык ишканасын түзүү боюнча билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 2018-жылдын 27-январындагы Муниципиалдык баланска алуу боюнча 62-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гульша-Таза-Суу коомдук бирикмеси ишканасы Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы Гүлчө-Таза-Суу муниципиалдык ишканасы болуп түзүлсүн.

2. Тиешелүү иш кагаздарды мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жана Гульша-Таза-Суу ишканасынын жетекчиси А.Иманахуновдорго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Жээнбеков Д.