Редакцияот 11.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз жыйырма сегизинчи сессиясы

 

2019-жылдын 11-марты № 111

Кадамжай шаардык мэриясынын Кадамжай райондук мамлекеттик статистикалык бөлүмү менен түзгөн типтүү келишимин бекитүү жөнүндө

 

Кадамжай мэриясынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КР мыйзамынын 9-беренесинин 5- пунктуна” ылайык Кадамжай райондук мамлекеттик статистикалык бөлүмү менен түзгөн типтүү келишимин жана Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана экономикалык өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык кеңеши төмөнкүчө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай мэриясынын Кадамжай райондук мамлекеттик статистикалык бөлүмү менен түзгөн типтүү келишими бекитилсин.

2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылуусун камсыз кылуу шаардын мэри Б. Бегалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Абдраимов