ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги XXX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)
2018-жылдын 24-декабры № 3
Шаматов Дүйшɵн Алиевичке «Отуз-Адыр айылдык аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жɵнүндɵ
Педагогика илимдеринин доктору, Астана университетинин профессору Шаматов Дүйшɵн Алиевичтин жаштарга билим берүү берүүдɵ жетишкен ийгиликтерин эске алып жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» аттуу Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Педагогика жана тил илимдеринин ɵнүгүшүнɵ кошкон зор салымы жана жаштарга билим берүүдɵ жетишкен ийгиликтери үчүн Шаматов Дүйшɵн Алиевичке «Отуз-Адыр айылдык аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Шаматов Дүйшɵн Алиевичке № 4-«Отуз-Адыр айылдык аймагынын ардактуу атуулу» күбɵлүгү берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу жагы айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн.(А.Мурзаев)
Төрага | А. Беделов |