Редакцияот 02.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ала-Бука айылдык аймагынын айылдык Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы

 

2018-жылдын 2-марты № 22

Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан мазардын айланасын тосмолоо жөнүндө

Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан мазардын айланасын тосмолоо боюнча жергиликтүү Кенештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Ала-Бука айыл Кенешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан мазардын айланасын тосмолоо үчүн 300,0(үч жүз миң ) сом акча каражаты ажыратылсын.

2. Ажыратылган акча каражатын которуу ФЭП бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге милдеттендирилсин.

3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары М.Токтобаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Мамырбеков