Загрузка документа…
ӨЗГӨН-ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №5/1
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловдун 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү» маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Джалиловдун отчетун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловдун 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары М. Халматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттары тарабынан 2018-жылдын 1-январынан 20-декабрына чейин 6 жолу сессия өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн сессиялардын отурумдарында 33 маселе каралды, анын ичинен 7 бекитилген иш планына ылайык маселе, 26 ар түрдүү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январында өткөн кезектеги IX сессиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтому жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколу, Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата бюджетин бекитүү, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы муниципалдык базардагы ишкана пайдаланып жаткан жерден ишкананын ишмердүүлүгүн толук жана жетиштүү даражада жүргүзүү үчүн пайдалануу жөнүндөгү №80 кайрылуу каты каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-февралында өткөн кезексиз X сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга карата иш планын бекитүү, «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-апрелиндеги кезектеги XI сессиясында Өзгөн шаар мэринин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоорун жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү, Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын каржылоого макулдук берүү, Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы №9/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын чарбалык эсепке өткөрүүгө макулдук берүү, Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 9-августундагы кезектеги XII сессиясында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтому, Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү, БУУӨПнын 2018-жылга пландаштырылган долбоорлорун ишке ашыруу үчүн МММБ департаментинин атайын каражаттар планына тактоо киргизүүгө макулдук берүү, Өзгөн шаары үчүн таза суу тармагын реабилитациялоо жана саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушуна насыяларды алууда шаардык мэриянын кепилдик берүүсүнө макулдук берүү, Өзгөн шаарынын балансында турган кургак учукка каршы поликлиникасынын (туб. диспансердин) имаратын Өзгөн «Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна» ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берүү, Манас көчөсүндө жайгашкан имаратты КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмүнө ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берүү, Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү жайгашкан имараттарды «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү, Жаныбек казынын айкелин орнотууга көмөк көрсөтүү, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бахмал-2”, “Дөң-Булак-1”, “Пайзабад” жана “Төөлөс” айылдарындагы Өзгөн шаарынын элине суу берүүчү скважиналар жайгашкан жерлер, Кабырстандардын жайгашкандыгын маалымдай турган жарнамалык көрсөткүч калканын орнотууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 13-августундагы кезексиз XIII сессиясында Өзгөн шаарында таза сууга болгон тарифти өзгөртүү, Өзгөн шаарында муниципалдык-жеке өнөктөштүк ыкмасындагы балдар бакчаларын ачууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-октябрындагы кезектеги XIV сессиясында Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы, Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга долбоорун бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция жөнүндө, Долбоорду ишке ашыруу үчүн МММБ департаментинин атайын каражаттар эсебинен акча каражатын каржылоого макулдук берүү, 2018-жылдагы титулдук тизмеден жана башка иштерден үнөмдөлгөн акча каражаттарын каржылоо жөнүндөгү маселелер каралды.
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы кезектеги XV сессиясынын бүгүнкү күн тартибине Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2018-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү, “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы, 2018-жылдын 30-октябрындагы “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталган Салиев Бахтияр Усманович, Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич, Бекташев Төрө Бекташевичтин талапкерлигин кароо жөнүндөгү №932, №933 жана №1002 сунуш каттары, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-сентябрындагы аксакалдар сотунун курамын бекитип берүү жөнүндөгү №784 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын этика кодексин бекитүү, Аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү, Өзгөн шаарында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону жана бузуулар боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү маселелер комиссия тарабынан сунуш кылынган.
Шаардык кеңештин токтомдору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык «uzgen.org.kg» сайтына жарыя кылынып барылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан толугу менен каттоодон өткөрүлүүдө.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын 2018-жылда болуп өткөн сеесияларга катышуусу боюнча
МААЛЫМАТ
№ |
Ф.А.Ж. | Сессиянын номери | Жалпы сессиянын саны | Анын ичинен |
Эскертме | ||||||
IX | X | XI | XII | XIII | XIV |
| катышканы | катышпаганы |
| ||
1 | Гүрөңов Мирбек Мамасалиевич | + | + | + | - | + | - | 6 | 4 | 2 |
|
2 | Каримов Отабек Тохтасинович | + | - | + | + | + | - | 6 | 4 | 2 |
|
3 | Абдурахманов Хатамжан Номанджанович | манд.кийин алган | + | + | - | 3 | 2 | 1 |
| ||
4 | Эргешева Патиля Алибаевна | + | - | + | + | + | - | 6 | 4 | 2 |
|
5 | Абдукаймов Анварбек Абдукаймович | + | - | + | - | - | + | 6 | 3 | 3 |
|
6 | Кахаров Алишер Абдулхалилович | + | + | + | + | + | - | 6 | 5 | 1 |
|
7 | Джалилов Азамжан Абдуллажанович | + | + | + | + | отп | + | 6 | 5 | 1 |
|
8 | Ахмедов Хосилжан Садыкович | + | + | + | + | + | - | 6 | 5 | 1 |
|
9 | Шамиева Бурал Насировна | + | + | + | + | + | - | 6 | 5 | 1 |
|
10 | Мирюсупов Миролим Мирсабирович | + | - | + | + | + | + | 6 | 5 | 1 |
|
11 | Мамадалиев Ильхамжан Умаржанович | + | + | + | - | - | - | 6 | 3 | 3 |
|
12 | Рызакулов Марифжон Панайдинович | + | + | + | - | + | + | 6 | 5 | 1 |
|
13 | Имьяминов Йулчибой Таджимахаматович | - | + | + | + | - | + | 6 | 4 | 2 |
|
14 | Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович | + | + | + | - | + | + | 6 | 5 | 1 |
|
15 | Халматов Мухтаржан Маматжанович | - | - | + | + | + | + | 6 | 4 | 2 |
|
16 | Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич | + | + | + | + | + | + | 6 | 6 | - |
|
17 | Артиков Абдулвахид Нуманжанович | + | + | + | + | + | + | 6 | 6 | - |
|
18 | Азимжанов Бахтиержон Ганижанович | + | + | + | + | + | + | 6 | 6 | - |
|
19 | Мамазайитов Арапжон Жомолдинович | + | + | + | + | - | + | 6 | 5 | 1 |
|
20 | Турсунбаев Санжарбек | + | + | + | + | + | + | 6 | 6 | - |
|
21 | Рахманбердиев Мадаминжон Маматкаримович | + | + | + | - | + | + | 6 | 5 | 1 |
|
22 | Мирзажанов Бахтиержон Камилжанович | + | + | + | + | + | + | 6 | 6 | - |
|
23 | Моминов Кобылжан Таджимаматович | + | + | + | - | + | + | 6 | 5 | 1 |
|
24 | Купахунов Розувай Сулайманович | + | + | + | + | + | + | 6 | 6 | - |
|
25 | Матишев Туратбек Чолпонбаевич | + | - | - | - | - | - | 6 | 1 | 5 |
|
26 | Шаробидинов Абзалидин | + | - | + | + | + | - | 6 | 4 | 2 |
|
27 | Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович | + | + | + | + | + | - | 6 | 5 | 1 |
|
28 | Хурулбаев Мансуржон Мухтарович | - | + | + | + | + | - | 6 | 4 | 2 |
|
29 | Дадажанов Исакжан Исраилович | + | + | + | + | - | - | 6 | 4 | 2 |
|
30 | Талипов Абытжан | + | + | + | + | + | - | 6 | 5 | 1 |
|
31 | Джакыпов Алмаз Назармаматович | - | + | + | + | + | - | 6 | 4 | 2 |
|
| Жыйынтыгы: | 26 | 23 | 29 | 23 | 24 | 16 |
|
|
|
|