Редакцияот 19.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 17-чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы

2019-жылдын 19-апрели №4/6

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык техникаларын өткөрүп алуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн «Кара-Суу-өнүгүү» муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Иманкуловдун сунушунун негизинде айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 4-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Кара-Суу өнүгүү” муниципалдык ишканасына муниципалдык техникаларды өткөрүп алуу боюнча убактылуу комиссия курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн.

1. К.Барктабасов – комиссиянын төрагасы;

2. А.Кадыркулов- комиссиянын мүчөсү;

3. К.Өмүрбеков- комиссиянын мүчөсү;

2. Түзүлгөн убактылуу комиссия айыл өкмөтүнүн түзүлгөн комиссиясы менен бирдикте муниципалдык техникаларды муниципалдык ишканага өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын 

 

Төрага

Ж.Иманкулов