Редакцияот 19.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2019-жылдын 19-февралы № 1/5

Мин-Булак айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Үсөнов Ильгизге кайтарымдуу түрдө акча каражатын болүп берүү жөнүндө

Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Үсөнов Ильгизге кайтарымдуу түрдө 50000 (элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн Депутаттардын Миң- Булак айыл аймагынын айылдык Кещешинин XXVII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Үсөнов Ильгизге 50000 (элүү миң) сом акча каражаты келишимдин негизинде пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө бөлүнүп берилсин.

2. Эки тараптуу келишимди түзүү жагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» жетекчиси Т. Усеновго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.

 

Төрага

К.Асанов