Редакцияот 19.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2019-жылдын 19-февралы № 1/6

 Мин-Булак айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Өрнөк айылына таза суу чыгаруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Өрнөк айылына таза суу чыгаруу үчүн 90800 (токсон мин сегиз жүз ) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн Депутаттардын Миң- Булак айыл аймагынын айылдык Кещешинин XXVII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен “ Өрнөк айылына таза суу чыгаруу үчүн 90800 (токсон мин сегиз жүз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.

 

Төрага

К.Асанов