Загрузка документа…
МИН-БУЛАК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 28 марты № 2/2
КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартибинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартибинин Жобосу бекитилсин. Тиркеме жети баракта тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
К. Усуповго жүктөлсүн.
3. Токтомду minbulak.org.kg веб сайтына жайгаштыруу Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Жолдошовго милдеттендирилсин.
Төрага | К.Асанов |
Мин-Булак айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2019-жылдын 28-март
№ 2\2 токтому менен бекитилди
КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө
1. Ушул Жобо айылдык аймактын чегинде катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн тарифти эсептөөнүн тартибин аныктайт.
2. Тарифти эсептөө калдыктардын топтолуу (пайда болуу) нормативдерине, рентабелдүүлүктүн жеткен деңгээлин эсепке алуу менен адистештирилген уюмдун иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша жүзөгө ашырылат.
3. Тарифти жергиликтүү кеңеш бекитет жана ал менчиктин бардык формасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр үчүн бирдиктүү болуп эсептелинет.
4. КТК жыйноо, чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер экономикалык жактан негизделген чыгымдарга (иш жүзүндөгү жана/же пландуу), ар бир субъект үчүн жекече аныкталган пайданын көлөмүнө жараша тармактын өзгөчөлүктөрүн жана салык мыйзамдарында каралган салыктарды эсепке алуу менен түзүлөт.
5. Тарифти бекитүүдө жергиликтүү кеңештин атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүгө экономикалык жактан негизделген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздап берет.
6. Баа түзүү системасы кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү экономикалык жактан негизделген пайданы алуусун камсыздайт.
7. КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө баа (тариф) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет
Т = Н + Р + С, мында:
Т – КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө тариф
Н – кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы