Редакцияот 20.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XXXV-сессиясы

 

2019-жылдын 20-марты № 35/1

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2018-жылдан калган калдык акча каражатынын бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдан калган калдык акча каражатынын киреше - чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:

КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:

1).Жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдан калган: негизги счеттон 5 782 857,46 сом; Атайын каражат:710 326,20 сом;

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:

1. Айылдык Кеңештин төрагасына айлык акыга 2019-жыл үчүн: 1200 сомдон 10 кезектүү сессияга 12 000 сом;

2. Аксакалдар сотунун айлык акысына: 1 500 сомдон 12 айга 18 000 сом;

3. Спорт инструктордун айлык акысы: 9 800 сомдон 12 айга 118 500 сом, аппараттагы техникалык кызматкердин айлык акысынын деңгээлинде.

4. Ветеринардык врач, оператордун айлык акысы: 9 800 сомдон 12 айга 118 500 сом, , аппараттагы техникалык кызматкердин айлык акысынын деңгээлинде.

5. Соц.фондук чегерүүлөргө 17,25% 46,1 сом;

Жалпы: 313 100 сом

5. Таза суунун башын ремонттоого 2 532 447,46 сом;

6. Ички жолдордун ремонту 1 500 000 сом;

7. Таза сууга 394 550 сом;

8. Муниципалдык ишканага 679 760 сом;

9. Жайыт үчүн өздүк салымга 348 000 сом;

9. Кайырма каналына 15 000 сом;

Жалпы: 5 782 857,46 сом.

10. Атайын каражат:

11. Ата-энелерден түшкөн акча (род.взнос) 458 712,20 сом;

12. Швейц.грант (мектеп) 125 684 сом;

13. Швейц.грант (бала бакча) 3 080 сом;

15. ПРООН (Кайырма каналына) 122 850 сом;

Жалпы: 710 326,20 сом.

16. Бөлүнгөн акча каражатын атайын тузүлгөн смета расходко ылайык жургүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын;

17. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

18. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

 

Төрага:

У.Мокешов