Загрузка документа…
ЧЕТ- НУРА АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №17/16
Чет-Нура айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын негизинде Чет-Нура айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясын карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун Стратегиясы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Садыкбеков |
Чет-Нура айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин
2019-жылдын 13-мартындагы
№17/16 токтому менен бекитилди
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ НАРЫН ОБЛУСУ НАРЫН РАЙОНУ ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫ
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
Мазмуну
1. Киришүү 3
2. Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары 3
3. Жумушчу комиссиянын курамы 3
4. Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы 4
5. Стратегияга кошулган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги 4
6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы 6
7. Мониторинг жана баалоо 21
8. Кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугуна таасирин тийгизген факторлор. 22
Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Планын (СЭӨП) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө СЭӨПте чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Чет-Нура айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу Стратегиясынын максаты – Чет-Нура айылдык аймагында жогорку сапатта жана азыраак чыгым менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүү системасын камсыздоо.
Максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылды:
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Аныкталган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу жагын ушул стратегия аныктады.
Учурдагы абалына анализ жасалды.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун өзгөчө натыйжалуу ыкмалары аныкталды.
Стратегияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы түзүлдү.
Жумушчу комиссиянын курамы
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жумушчу топ Чет-Нура Айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жылдын 18-октябрындагы №135-б буйругунун негизинде түзүлгөн.
№ | Аты-жөнү | Жасаган иши/Ээлеген кызматы |
| Мусурканов Азамат | Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы, жумушчу комиссиянын төрагасы |
| Молдогазиев Кубатбек | Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу комиссиянын орун басары |
| Садыкова Керез | айыл өкмотүнүн жооптуу катчысы, жумушчу комиссиянын катчысы |
| Ажыбеков Жумабек | Айылдык кенештин депутаты |
| Омурбеков Марс | Ак-Кыя айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү |
| Абдраимакунов Уланбек | Ийри-Суу айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү |
| Муканова Роза | Таза суу ишканасынын адиси |
| Жетиген уулу Амантай | Орто-Саз айлынын айыл башчысы |
| Нурбаев Алтынбек | Ак-Булун айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү |
| Токтомамыт кызы Кундуз | Эмчи айым |
| Мамыров Токталы | Чет-Нура айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү |