Редакцияот 31.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XXXVIII-сессиясы

2019-жылдын 31-майы №38/2

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын кайрылуусу жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Султанбек уулу Саматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылы чогулбай калган акча каражатты 2019-жылдын бюджеттине киргизилип бекитилсин;

2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага:

У.Мокешов