Редакцияот 10.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын 14-чү кезексиз сессиясы

 

2019-жылдын 10-июну №3

Кызыл-Туу айылынын тургундарына турак-жай куруу үчүн калтырылган жерден акысыз жер тилкесин берүү жөнүндө

Кызыл-Туу айылынын тургундарына турак-жай курууга калтырылган жерден акысыз жер берүү тууралу карап чыгып, айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылынын тургуну Качкынбаев Рахатка, Жолдошбаев Камчыбек көчөсүндөгү идеен.код.0285 турак-жай куру  үчүн калтырылган жерден 0,25га жер турак-жай салууга акысыз берилсин.

 2. Кызыл-Туу айылынын тургуну Жапакова Астрага, Исаев Медетбек көчөсүндөгү идеен.код.0401 турак-жай куру үчүн калтырылган жерден 0,26га жер турак-жай салууга акысыз берилсин.

3.Мыйзам чегинде чечим, токтом чыгарып берүү жагы айыл  өкмөттүн турак-жай адисине жана айыл өкмөттүн жер, турак-жай маселелери боюнча комиссиясынан милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл  өкмөттүн башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Б.Айыпов