Редакцияот 03.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХVII кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 03-августу №64

Эски Покровка айылынын көчөлөрүнүн бирине Абдыкаримов Абдыманаптын ысмын ыйгаруу жөнүндө

Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХVII кезектеги сессиясы Эски Покровка айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Абдыкаримов Абдыманаптын ысмы Эски Покровка айылынын МТФ участкасындагы четки көчөгө ыйгарылсын.

2.Көчөнү ар убакта таза кармоо,иретке келтирип көрсөтмө тактайларды ,үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Абдыкаримов Абдыманаптын уул-кыздарына тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Эски Покровка айылынын айыл башчысы М. Аматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

К.Мусаев