Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН V1 – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 27 –СЕССИЯСЫ

 

2018-жылдын 26-декабры №142

Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн аскерге каттоо болумунун 2018 жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндө

Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн аскерге каттоо болумунун инспектору Юлдошов О нын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн аскерге каттоо болумунун 2018- жыл ичинде жүргүзгөн иши канаатандырарлык деп табылсын.

2. Бешкент айыл аймагынын айыл Окмотунун аскерге каттоо болуму Лейлек райондук Бириккен аскер комиссарияты менен биргелешип аскерге чейинки жаш жарандарга тушундуруу иштери жургузуу жагы тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы:

О.Баховотдинов